Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Бейшеналиев бир нече эпизод менен кылмыш иши козголгонуна байланыштуу министрлик кызматтан убактылуу четтетилген эле. Анын ордунда учурда министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат. Жакында бир эпизод боюнча Алымкадыр Бейшеналиев акталган жана министрлик кызматына кайтып барууга даяр экенин билдирген.
Айрым маалыматтарга караганда, Бейшеналиев "Алтын Балалык" балдар реабилитациялык борборунун директорлугуна дайындалды.