Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1225

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу, Садыр Нургожоевич!

Биз, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө аздыр-көптүр эмгеги сиңген инсандар Сизге көптөн бери жүрөктү кыйнап келе жаткан маселе менен кайрылууну туура таптык.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алган жылдар ичинде өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү элчиси болуп ошол элдин тилин, маданиятын, психологиясын билгендер дайындалган жок. Тескерисинче, Кыргызстандын саясий казанында көп жылдардан бери кайнап, саясий интригаларга аралашып, расмий бийликке ыңгайсыз фигурага айлангандарга сүргүн катары элчилик кызматты берүү жаман адатка айланды. 30 жыл мурда түптөлгөн бул жаман адат ушул убакка чейин уланып келе жатат. Бизде ар кайсы өлкөлөрдөгү элчилер кимдер болууда? Кызматка жетпей калгандар жана бийликти “кызмат бербейсиң” деп шантаж кылгандар.

Ал эми мамлекеттик түзүлүштүн эрежеси боюнча, элчилик – өтө маанилүү кызмат. Бул – эл аралык алака, инвестиция, жаштарды сырттан окутуу, дүйнөлүк процесстерге интеграция. Бул – дүйнө, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү менен мамиле түзүү. Дүйнөлүк статистиканы карап көрсөк, элчилери күчтүү мамлекеттердин эл аралык экономикалык карым-катнаштары абдан жакшы өнүккөн.

Мындан улам, Сизге өз сунушубузду жолдоп жатабыз. 30 жыл бою карманган жаман адатыбызды, салтыбызды сындырсак деген ниетибиз бар. Элчиликтерге ошол мамлекеттерде иштеген, тилин, дилин, элинин психологиясын, менталитетин, маданиятын билген, инвестиция тарта алган, жумуш орундарын түзгөн, студенттердин билим алуусуна жол ачып берген билимдүү жаш кадрларды койсок туура болот.

Кыргызстанда 3 ирет революция жасалды. Үч революцияда тең башкы ураандардын бири – “Жаштар биздин келечегибиз”, “Жаштарды өнүктүрөлү, өстүрөлү, колдойлу!” болгон. Бирок тилекке каршы, революция бүтөөрү менен ал ураандар унутулуп, жаштар кайра эле экинчи планга жылып калат. Бул – жаман адат.

Мына ошол келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жана мыкты кадрлардын бири - Сейтек Качкынбаев.  Учурда коомчулукта Японияга ким элчи болуп бараары талкууга алынып жатат. Бул орунга дал ушул жигит татыктуу.

 Кайрылууга кол койгондор көпчүлүгүбүз Сейтек Качкынбаев менен жеке мамилебиз деле жок. Биз аны ММКлар аркылуу таанып – билип, суктанып, сыймыктанып келебиз. Японияда 8 жыл билим алып, дагыя 6 жыл жогорку окуу жайында сабак берген, япон тилин, саясий-экономикасын, тарыхын, маданиятын, менталитетин тереңден өздөштүргөн жигит. Ушундай жаштар элчи болсо, Кыргызстан утушка ээ болот. Өсүп келаткан жаштарга бул чоң стимул. Революцияларда берилген убадалардын аткаярылышына жол ачат. Начар стереотип, традицияларды сындырып, жаңы багытта кадрдык жаңы реформалардын белгисине айланат. Ошондуктан, кайрылуубузду колдоп берүүңүздү суранабыз.

 

Терең урматыбыз менен:

Сайдылканов Жодар Разакович, "Новотельдин" негиздөөчүсү.

Мамытов Миталип, Кыргыз Республикасынын баатыры, академик.

Эркебаев Абдыганы, экс-спикер.

Эмил Үмөталиев, Кыргыз Концепт, ишкер.

 Эркебаев Шүкүрбек, жарандык активист.

 Баяс Турал, тарыхчы.

Шыкмаматов Алмамбет, экс-юстиция министри.

 Төрөкулов Азиз Турарович, жеке-ишкер.

Тойчуев Таалайбек, ырчы

Четимбаев Самсаалы, жарандык активист.

Анаркулов Нургазы, журналист.