Түркияда болгон Ислам шериктештиги оюндары аяктады. Анда Кыргызстан жалпы 31 медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты.
Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.