Печать
Категория: Коом
Просмотров: 402

Боом капчыгайында электромобилдерди заряддоо станциясы ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. 

"Сиз менен жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. "Дос-Кредобанк" Боомдун капчыгайында, "Ак-Жол" кафесинде электромобилдерди заряддоо станциясын ачты. Ал биздин жарандарга жана туристтерге бекер болот.

Банктын жаңы саясатына ылайык мамлекеттин экологиясы, жашыл технологияларды кеңейтүү маселелери биринчи ордунда турат. Ар бирибиз өлкөбүздүн тагдырын, балдарыбыздын келечегин ойлонуп, болушунча салым кошушубуз керек. Экология жана тазалык ар бир кишиден башталат!" - деп жазды Түлеев.