Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Блогер Назира Айбекованын жөн эле ойлорунан: 

- Ийгиликтүү болуу, сулуу болуу, бай болуу дайым эле бактылуу болуу дегенди туюнта бербейт.

Ийгиликтүү, бай, сулуу болуш үчүн жаныбызды сабап, камчылап, бардык жагымдуу да, жагымсыз жолдордон өтөбүз, бирок ал жыйынтыгында бакыт тартуулайт деп эч ким кепилдик бербейт.

Статистика боюнча 10 байдын 9 бактысыз болот экен. Тарыхта миң сулуу көрсөң, алардын баары бактылуу болду дегенден алысмын. Мен билген, тааныган сулуулардын таалайы тайкы болду.

Жан дүйнөң жарды болуп, ачкалыктан кесерип, кол сунуп сүйүүгө ач кайырчы болуп турса, анын кайсы жагы бакыт?

Жан дүйнөңдө бороон-чапкын болуп, уулуп турса, тынчтыгы жок, кымгууту көп жерде кайсы бакыт бар дейсиң?

Болгон бакыттын баарын Жараткан жан дүйнөбүзгө, ичибизге, жүрөгүбүзгө, көкүрөгүбүзгө, аң-сезимге катыптыр. Биз сырттан, байлыктан, карьерадан, башка адамдардан карайлап издеп жатып, өмүрүбүздү текке өткөрө берет экенбиз.

Кудай мага жол көргөзүп, сабак берип атып, жашоонун жандырмагын берди. Өтө эле карапайым , жөнөкөй угулаар, бирок бакыт ар бир ирмемден ырахат алып, шүгүр кылып, топук кылып, ыраазычылык билдирип, сүйүп, жан дүйнөнүн баарына тазалык жүргүзүп, тагдырың кандай болсо, ошондойунан кабыл алууда экен. Кабыл алуу - эң чоң бакыттын сыры экен.

Ушу жөнөкөй эрежени түшүнүш үчүн тамталаңдап жарым жашыңды өткөрүп, от мн сууну кечип жатып араң түшүнөт экенсиң.