Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

2022-жылдын 26-28-сентябрында Бишкек шаарында онунчу “Контрафактка каршы-2022” эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Форумдун негизги урааны: “Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери”.

Бул иш-чара өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо маселелерине арналган.

Форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Контрафактка каршы” эл аралык ассоциациясы уюштурууда.

Бизнес программада 12 талкуулоочу сессия (анын ичинде жаштар сессиясы) камтылган, анда бажылык, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери каралат, дары-дармектерди, БАК жана медициналык буюмдарды онлайн-сатуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик, курулуш материалдар рыногу, китеп сатуу, тамеки жана никотин камтыган продукциялар тармагында IT-технологияларды колдонуу маселелери козголот.

Катышуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулуктарынын ишинде маалыматтык ачыктыкты жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун айкындыгын жогорулатуу маселелерин талкуулашат.

Форумдун ишинин жүрүшүндө  ЕАЭБдин укугун жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын жакшыртуу, товарларды жүгүртүүнү идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү максатында жаңы технологияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча сунуштар иштелип чыгат. ЕАЭБде интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштар, продукциянын шайкештигин тастыктоо жана продукциянын сапатын натыйжалуу контролдоо инструменттери түзүлөт.

Форумдун дискуссиялык сессияларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышат, алар контрафакт менен күрөшүүнүн актуалдуу темалары боюнча баяндама жасашат.