Печать
Категория: Коом
Просмотров: 490

Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, министрлик кызматка кайтып келүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле, министр болуп калса, саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков менен иштешпей турганын да белгилеген. Анткени, анын оюнча, Касымбеков ал баштаган реформаларды себепсиз токтотуп салган. 

"Мен жокто бардык иш токтоду. Мен баштаган реформаларды аягына чыгарышым керек. Эгер президент чечим кабыл алып, мен кайрадан министр болуп калсам, менин реформаларыма бут тоскон адамдар менен иштешпейм. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу менин реформаларым жана буйруктарымды мыйзамсыздыкка чыгарган популисттик билдирүүлөрдү жасап жатат. Ошондуктан, мен аны менен иштеше албайм", - деген Бейшеналиев.