Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативи келишимде көрсөтүлгөн убадаларын аткарбай жатышат. Бул тууралуу нааразы болгондор маалымат жыйынында билдиришти.

Гаухар Токталиева ушул жылдын февраль айында кооперативге мүчө болуп кирип, 763 миң сом акча төлөгөнүн айтты. Келишим боюнча коопертив акча төлөнгөндөн кийин 45 күндө батир алып бериши керек болчу. 

“763 миң сом акчамды 15 жыл чогулткам. Келишим түзүп жатканда кезек менен берилет деп айткан эмес. Беш балам бар, эки балам үйгө батпай, бирөөсү сиңдимдин, экинчиси инимдин колунда”, - деди Токталиева.

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативинин жетекчиси Элдос Шерматовдун айтымында, 2004 - жылы чыккан кооперативдер жөнүндө мыйзамдын алкагында иштеп жатышат. 

“Мыйзам боюнча баш тарткандарга каржылык жыл аяктагандан кийин үч айдын ичинде кайтарылышы керек. Биз мыйзамга такабастан, кезек менен берип жатабыз. Ошол кезекке макул болбой, ички уставдарды сыйлабагандар ушундай кадамга барып жатышат”, - дейт Элдос Шерматов.