Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Анын жактоочусу Жекшеналиев Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камалганын ырастаган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.