Ырчы Анжелика Кайратова буга чейин соцтармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы, мамлекеттин карамагына өткөн үйүн ДЦП менен ооруган балдарды реабилитациялоо борборуна айлантуу өтүнүчү менен кайрылган. 

Ырчы эми соцтармактагы баракчасына дагы бир жаңылыгын бөлүштү. Бул сапар ал  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин кабыл алуусунда болгонун айтты.

Белгилегендей, министр 15-августта Анжелииканы кабыл алган жана мурдагы президенттер Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге таандык жер тилкелерине балдар үчүн реаблитациялык борбор куруларын, долбоор даяр экенин билдирген.

"Акыркы күндөрү ДЦП менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин өтүнүчү боюнча жасаган кайрылуум көп талкууга түштү. Анда Атамбаевдин уулу, тарапташтары жана адвокаты тарабынан дагы ыплас сөздөрдү уктум. Андай жагымсыз жооп берүүлөрүнө териккен жокмун. Себеби, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдыры алардын кемсинтүүсүнөн маанилүү, балдар үчүн чыдап коём. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин кабыл алуусунда болуп, социалдык жактан коргоого алына турган жарандар тууралуу сүйлөштүк", - деп жазды ырчы.