Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай

Сынакка мурунку 200 талапкер катышкан турдан жакшы бал алган 147 талапкер катышып, 60 талапкер өтө алды. Алар компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп беришти. Сынак ачык-айтын болушу үчүн атайын байкоочулар коюлган.

Калган 38 мектептин башчысы кызматына дагы сынак өтөт. Эң жогорку бал алгандардын упайы бирдей болуп калса кайра сынак өткөрүлөт.

Бул сынактан тышкары директорлукка талапкердин жети жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы, педагогикалык жогорку билими болушу шарт.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги жарлыктын негизинде быйыл миңге чукул мектеп директору алмаша турганы айтылган.
 

URL: https://kaktus.kg/7869