Печать
Категория: Коом
Просмотров: 388

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдан тартып кварталына бир жолу тиешелүү рейтингди түзүү жолу менен аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун аныктоодо. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин натыйжалуулугун системалуу баалоо максатында жүргүзүлүүдө.

Баалоонун индикаторлору Салык кызматынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү боюнча 21 критерийди камтыйт, анын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу, карызды жана ашыкча төлөнгөн салыктарды, КНС боюнча ашып кетүүлөрдү кыскартуу, төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты, салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошуп эсептелген салыктардын, төлөмдөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары, ошондой эле алар боюнча түшүүлөр, отчет бербеген субъекттерди издөө, кадрлардын агымы, аткаруучулук тартип жана башкалар.

Аймактык салык органдарынын отчеттук маалыматтарынын негизинде квартал сайын алардын ишин баалоонун индикаторлору жана рейтинги түзүлөт, ал Салык кызматынын сайтына жарыялоо жолу менен салык органдарына жана коомчулукка маалымдалат.

Рейтинг бааларынын квалификациясы төмөнкүчө: 91-100 балл топтогондорго “эң жакшы”, 81-90 балл “жакшы”, 61-80 балл “канааттандырарлык” жана 60 жана андан аз баллга “канааттандырарлык эмес” деген баа коюлат.

Бул рейтинг салык органдарына көрсөткүчтөр мыкты натыйжаларга жете элек жана натыйжалуулукту жогорулатууну талап кылган иш участокторуна өзгөчө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле жакшы натыйжаларга жетүүгө болгон мотивацияны жогорулатууга жана өз күч-аракеттерин иштин көйгөйлүү участокторуна топтоого мүмкүндүк берет.

Ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 60 аймактык салык органынан эки органдын иши “жакшы”, 47 – “канааттандырарлык” жана 11 салык органы “канааттандырарлык эмес” деп бааланды.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 1 салык органы “жакшы”, 56 – “канааттандырарлык” жана 3 орган “канааттандыраарлык эмес” деп бааланган.

Рейтинг менен бул жерден таанышууга болот.