Печать
Категория: Коом
Просмотров: 279

Белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор жана КР Эмгек сиңирген дарыгери Калдарбек Абдраманов "медицинаны оңдоо үчүн дарыгерлерди кайрадан окутуп, жаңы протоколдорду колдонууну талап кылуу керек" деген пикирлерге жооп кайтарды. 

"Албетте, алар тынымсыз жасалып турган жана жасалчу иштер. Азыр алар медицинаны тормоз кылган, оңдой турган факторлор эмес. Аларды өзгөртүүнүн кереги жок. Туруктуу медицинанын ички каржы булагын эле таап, толук өзүн өзү каржылоо маселесин чечүү керек.

Медициналык система деген эмне?

Ал -  өкмөт, оорукана дарыгерлери менен, оорулуу адамдар. Өкмөт оорукананын врачтары оорулууга көрсөткөн кызматты каржылайт, көпчүлүк оорулуулар өкмөткө маянасынан акча өткөрүп турат, айрымдарына өкмөт тизмеси менен милдеттүү түрдө өзү төлөйт. Ушул үч тармактын мамилеси медициналык системаны түзөт. Система кынтыксыз иштеши үчүн белгилүү көлөмдөгү каражат керек. Ал каражатты өкмөт табат. Аз же жетишпесе, оорукана врачтар оорулууларга көрсөтчү кызмат акысын өкмөт төлөй албаса система иштебейт. Демек, медицинаны ондойт десе эле врачтарды күнөөлөгөн туура эмес. Маселе врачтарда эмес. Бизде дагы деле врачтарды даярдоо, окутуу жакшы эле жолдо. Бирок күчтүү медицина, күчтүү врач медициналык протоколдорсуз эле иштейт. Протоколдор бар, албетте. Текчеде турат чаң басып. А протокол ал  -жолдомо эле. Илгери ар бир ооруга рекомендациялар чыкчу. Бирок врач өз тажырыйбасына таянып иштейт. Себеби, ар бир адам өзгөчө, ар бир оорулуунун оорусу өзгөчө. Ар бир адамдын оорусу өзгөчө өтөт, эч кандай протоколго баш ийбейт. Ар бир оорунун атамзамандан калган симптомдору жана дарылоонун белгилүү жолдору бар, ошолордун өзү - протокол. Аларды тажырыйбалуу врачтар атайын протоколдорсуз эле билишет. Алар оңой өзгөрбөйт. Мисалы, гипертонияны дарылоонун принципиалдык жолу - колдонулуучу дарылар эле жаңыланбаса -  бир жарым кылымдан бери белгилүү. Демек, протоколдор көп өзгорбөйт, аларды өзгөртпөсө эле медицина токтоп калбайт. Жаңы протокол деп какшагандар - жаңы дарыларды протоколго киргизе коюуну каалаган  фармкомпаниялардын ырын ырдагандар. Акча! Экинчиден, советтик врачтардын  катып калган билими эле көп ооруларды дарылоого жетиштүү. 20-30 жыл гипертония, жараны дарылап же коронар оорусуна операцияларды жасап жүргөн врачты кайра даярдагыдай эмне алар башка адистик алып жатышабы?!" - деди кардиохирург.

Ошондой эле, ал кептин баары жаңы ыкманы табууда жатканын, а ал үчүн чоң каражат керектелерин белгиледи. 

"Азыркы медицинанын алган каражаты талап кылган сумманын 30 пайызын араң түзөт. Анан кантип тармак оңдолсун. Врачтарды Коконго чейин тепкилеп барсаң да, күндө жаңы протокол жазып, ай сайын даярдыктан өткөрсөң да, акча жок болсо, заманбап жабдыктарды алып бере албасаң, иштөөгө шарт түзүлбөсө, кызмат акысы төлөнбөсө - медицина оңолбойт", - дейт Калдарбек Абдраманов. 

Айтымында, бул абалдан чыгуунун бир жолу бар. Ал - медицинага ички каржы булактарын колдонуп, өзүн өзү каржылоого уруксат берүү керек!