Печать
Категория: Коом
Просмотров: 255

Калыстык үчүн айталы, бүгүнкү бийликтин убагында көптөгөн маселелерде «муз ордунан козголду». Албетте, жалпы элге жакканы менен айрым бир аттуу баштууларга, коррупциялык иштерге аралашкандарга, «кылкылыкты кылып, кыл жип менен бууп жүргөндөргө» жакпай жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Өлкөдө мыйзамдуулук орноп, акыйкаттыктын салтанаты куруусу өлкө башчынын каалоосуна, саясий эркине жараша болорун учурдагы президент Садыр Жапаров далилдеп жатат. 

Анын саясий эрки менен 2010-жылдагы июнь коогалаңынын чыгышына  күнөөсү барлар аныкталып, кандуу окуяга, жүздөгөн адамдардын бөөдө өлүмдөрүнө себепкерлерди  жоопкерчиликке тартып, укуктук баа берүү маселеси  колго алынган болчу. Президенттин тапшырмасы менен тергеп, иликтөө иштери дыкат жүргүзүлүп, Убактылуу Өкмөттүн 5 мүчөсүнө айыптар тагылды. Бул боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. 

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Алмазбек Атамбаевге, Исмаил Исаковго, Бактыбек Алымбековго, Бектур Асановго жана Кеңешбек Дуйшебаевге айыптар коюлду. Албетте, аталган фигуранттар коюлган айыптоолордун баарын четке кагып, өздөрүн сүттөн ак көрсөтүшүп, ишке саясий түс берүүгө, элдин көңүлүн ошого бурууга аракеттерин көрүшөт. Бирок чындык эч качан чындыгынан бузулбайт. Айыпталып жаткандар өздөрүнүн шалаакылыктары, кайдыгерликтери жана кызыкчылыктарынын негизинде коогалаңдын чыгуусуна жол беришкендиктери тарыхый чындык. Ан эл дагы жакшы  билет. Атүгүл окуяны иликтөөгө алган эл аралык комиссия да ошондой бүтүм чыгарып, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн күнөөсү опол тоодой экенин билдирген. Мындай жыйынтык УӨнүн мүчөлөрүнө жага бербей, комиссияны өлкөгө киргизбей коюшкандыгы да жашыруун эмес. Буга чейин УӨнүн мүчөлөрү мамлекетти башкарып турушкандыктан, кандуу окуяга укуктук баа берүү маселеси ишке ашпай келген. 

УӨнүн мүчөлөрү 12 жыл мурдагы күнөөлөрүн жакшы билишип, моюндарына мыйзамдын сыйыртмагы илинерин түшүнүшүп, өздөрүн оппозиция жарыялап, бүгүнкү бийлик башындагыларды коркутууга, үркүтүүгө, мындай жол менен тергөө, иликтөө иштеринин жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылып да көрүштү. Бирок саясаттын «саркындыларына» элдин жек көрүндүлөрүнө айлангандарды эч ким уккан жок, эч ким ээрчибеди. Эл кимдин ким экендиктерин билип бүттү. 

Июнь окуясына саясий баа эчак берилген. Бирок мыйзамдуу өлкөдө бул жетишсиз. Эл ичине бүлүк салып, жүздөгөн өмүрлөрдү алып, жарадар, майып кылып, жетимге, жесирге айландырган каргашалуу окуяга укуктук баа берилиши зарыл. Ансыз укуктук өлкө экендигибиз кайсы. Андыктан акыйкаттыктын салтанаты курсун!  Бул мезгилдин, элдин талабы.