Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.
Өкүл белгилегендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.
“Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз”, - деп билдирди Назирбек Бөрүбаев.
Жолугушуу 17-августта соңуна чыгат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 85 пайызы, андан кийин 13 пайызга жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган.