Бишкекте №6 оорукананын аймагында кошумча жаңы оорукана курулуп баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Ал белгилегендей, оорукана 75 орунга ылайыкташтырылып, заманбап техника менен жабдылат. Ошондой эле, хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрү жайгаштырылат.
Оорукананын курулушу Катар Республикасынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Имаратты жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.