Печать
Категория: Коом
Просмотров: 507

УКМК тарабынан Бишкектеги Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп лицейинин директору Н.Ю.Н.га кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тергөө-ыкчам иш чараларынын негизинде, Н.Ю.Н. тарабынан уюштурулган окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражаттарын алып турууга ылайыкташкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жыйынтыгында, балдарын 1-класска жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге киргизген ата-энелерден акчалай сыйлыкты көп жолу алгандыгы такталган. 

Аны менен Н.Ю.Н. системалуу түрдө пара алып турган, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган. 

Өзүнүн активдерин жашыруу максатында директор мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрүн жакындарына жана ишенимдүү адамдарына каттаткан. 

 Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакындарынын атында 25тен ашуун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк катталаары белгилүү болгон. Алар: жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үй жана батирлер, сметалык баасы 150 миллион сомго жакын. 

Ошондой эле, директордун иш бөлмөсүндө, жашап жаткан батиринде жана дачасында да тинтүү жүргүзүлгөн. Чет өлкөлүк валютадагы ири суммадагы акча каражаты жана жогоруда аталган мүлктөргө болгон документтер табылган. 

Н.Ю.Н. аталган мектептин директору болуп 1991-жылдан бери иштеп келаткан. Учурда ал кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.