Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Президент Садыр Жапаров сентябрда Америкага барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы АКШга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн барат. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын жолугушуусунда белгилүү болгон.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы Нью-Йоркто 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт.