«Манас» үчилтигинин экинчи бөлүгү болгон “Семетей” эпосунун, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде бир жылдан ашык убакыттан бери “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы тартылып, ар кандай оң, терс пикирлер айтылып, акыры коомчулукка тартуулануу алдында турат. Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков фильм акыркы учурларда да чоң тоскоолдуктарга учурап аткандыгын билдирди:
- Тасмабыз 25-августтан Бишкек шаарынын, 31-августтан Москванын кинотеатрларында коюла баштамакчы. Күзүндө Турция жана башка өлкөлөргө чыгаруу макулдашылууда. Эми тасманын коомчулукка тартууланышына манасчылар тобун астыга салып, айрым күчтөр кайрадан каршы чабуулга өтүштү... Кечээ 8-август күнү түн ортосунда президенттик администрациянын маданиятты тейлеген бөлүм башчысы Тимурлан Ажыкеев телефон аркылуу байланышып, манасчылар эртең фильмди дагы бир жолу көрүүнү талап кылып жатышканын билдирди. “Эмнеге аларга кайрадан көрсөтүшүбүз керек?! Жакында кинотеатрларга чыгарылганда көпчүлүк менен бирге көрө беришсин. “Манастын” өздөрү жаттаган бөлүмдөрүн айта беришсин, киного алардын эч кандай тиешеси жок”, - дедик. Алар биздин тасмага каршы басма сөз конференциясын өткөрүүгө даярданып жаткандыктарын белгиледи Ак үй бөлүм башчысы. Ал эми кино департамент башчысы Мукталы Бектеналиев менен кечке маал катуу пикир алышуу болуп, ал киши эртең отпускага качып кутулуу аракетинде экенин билдирген... Арийне, басма сөз конференция өткөрүү, митинг уюштуруу, ачкачылык жарыялоо... Алардын укуктары. Бирок тасманы токтотуу мыйзамга такыр туура келбешин, каршылаштар таза эле ашынышып, бийликти мыйзамсыздыкка мажбурлашса, анда эл аралык чоң чуу чыгып, тасма бир катар чет өлкөлөрдө, дүйнөдөгү кадыр-барктуу интернет каналдарда (стриминг платформа) жарыяланаарын жар салууга аргасызбыз. Анда эле Манас, Семетейди туу тутунган кыргыз баласы тарыхый баалуу чыгарманы кинотеатрдын чоң экранынан маашырлана көрүү ырыскысынан куру жалак калмак. Арийне, каршылаштар деле ичтей тасманы токтотуу мыйзамга сыйбасын билишет. Алар акыркы вариантты көрүшүп, “биягын, тиягын оңдош керек” деп эптеп убакыт созуп, дегдегендери саясий туруксуздук, акырындап биздин тасманы колдоп келаткан башкы бийликтин алмашып кетүүсү.
Тасмага манасчылар эмнеге каршы?
“Семетей” тартылса, артынан “Сейтек”, анан “Манас” киного айланып, манасчылык өнөр актуалдуулугун жоготот деп чоочушту. Демек, эпосту эски оозеки айтуучулук менен азыркы заманга ылайык киного айлантуу өнөр түрлөрүнүн ортосунда талаш-тартыш жаралды. Ооба, кылымдап “Манас” оозеки айтылып келсе, заман нугуна жараша кагазга түшүрулүп, китеп болуп чыгарылды, анан радиодо, теледе айтылды, кийин пьеса катары театрларда коюлду. Эми киного айланат. Бул улам өзгөрүп отурган заман талабына шайкештик.
Манасчылардын жоон топ өкүлдөрү жаңы жыл алдында резиденцияда президенттин катышуусунда кинонун жабык көрсөтүүсүндө бир топ сын пикирлерди айтышкан. Алар негизинен эске алынып, тийиштүү кыскартуулар жасалып, айрым жаңы сценалар тартылган. Кээ бир сынчылар ал түгүл, тасманы такыр эле токтотууну талап кылышкан. Арийне, тасманы токтотууга мыйзам боюнча манасчылардын да, тарыхчылардын да, бийликтин да укугу жок. Ал гана эмес тасманын каршылаштары али тартыла элек сценарийди талкуулашып, эркин басма сөздөр биякта турсун, мамлекеттик теле каналдан жабыла сын пикирлери жаадырышканы да көркөм тасма жоболоруна туура келбейт. Сценарий кино тартылып бүткүчө өзгөрөт, тартылгандан кийин да оңдоло берет.
Кинонун эл аралык талаптарына ылайык тасма эгерде мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирсе, улуттар аралык чыр-чатакка негиз түзсө, порнографияны, баңгиликти жар салса коомчулукка тартууланууга тыюу салынат. Ошондо да коомго зыяндуу сценалар кыскартылып, калган бөлүмдөрүн көрсөтүүгө уруксат берилет. Биздин тасмада андай учурлар такыр жок.
Манасчылардын дооматы бизден эпосту ошол боюнча киного айлантууну талап кылгандан чыккан. “Жарымы жалган, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” деп айтылат эпосто. Оозеки вариантта эпосто миф, жомок элементтери басымдуулук кылат. 40 жыл театрларда коюлуп келаткан “Манастын уулу Семетейде” андай ашкере көрүнүштөр реалдуу нукка түшүрүлгөн. Биз тасмада ошол жолду уланттык.
Илгертен айтылчу, “Манастын душмандары көп” деп. Манастан бийлик, байлык талашып, кийин анын баласы Семетейди жок кылмак болушкан Абыке, Көбөштүн, Манас менен Семетейди жайлаган Коңурбай менен Кыястын тукумдары Айкөлдүн даңазаланышына ар андай шылтоолор менен бут тосуп келишкен. Алар эми да коңулдан кылтыйып баш чыгарышып, коңур үн салышпадыбы...
Соцтармакта каршыккандардын профилине кирсеңиз эле азыркы бийлик оппоненттери болуп чыгат. Жапаров бийлигинин тушунда руханий, идеологиялык ири окуя жаралышына ичтери сыйрылды окшойт.
Арийне, эзелтен белгилүү – жаңы кино тартылып атса коомчулук негизинен “чыкса, көрөбүз да” деген ойдо болот. Ал эми ары-бери талаш-тартыш жараткандар бир ууч маданий салаа ишмерлери жана саясий кызыкчылыктагы топтор гана. Биз да коомчулук пикирине назар салмакка бир топ белгилүү ишмерлерге жабык көрсөтүү уюштурганбыз. Кыргыз саясатынын корифейи, күчтүү идеолог Медеткан Шеримкулов, таанымал искусство чебери Кайыргүл Сартпаева, белгилүү коомдук ишмер Роза Айтматова баш болушкан бир катар беделдүү, көрүнүктүү инсандар менен талкуулап, алар “Манастын уулу Семетей” тасмабыз Кыргыздын олуттуу руханий байлыгы катары элибизге татыктуу кызмат кылаарын жана өлкөбүздүн маданиятын жакын-алыскы журтка даңаза кылаарын кубана белгилешкен.
Анкарада Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, өлкө парламентинин депутаты, Кыргыз-Түркия достук коомунун жетекчиси Өзтүрк, ТРТ-Авас теле каналынын башкы директору Седат Сагыркайа, “Түрк фильмдеринин” продюсери Өнер Кылыч, илимпоз Фиаб Ахмет баш болушкан түрк жетекчилери жана маданий ишмерлери тасмабызга эл аралык маанидеги олуттуу чыгарма катары жылуу баа беришти.
Дагы бир жакшы жышаан – ушул тасмабыздан улам эл аралык ири кино компаниялар биздин “Манас”, “Сейтек”, “Сынган кылыч” өңдүү канаттуу чыгармаларыбызды биргелешип ири кино долбоор жасоого ниеттерин билдиришүүдө.
Буйруса, талаш-тартыш туудурган айтылуу тасмабыз жакында жамы журтка тартууланат. Ыйык эпосубуз – кинодо. Түркия-Кыргызстан маданий байланыштары коомунун жетекчиси, вандык кыргыз кандашыбыз Абдилметин Кескин айтмакчы: “Манастын уулу Семетей” дүйнөдөгү ар бир кыргыз, ар бир түрк көрө турган баалуу чыгарма”, эл аралык “Түрксой” уюмунун башкы катчысы Султан Раев билдирмекчи: “Ар бир мектеп окуучусу көрүшү керек, Манас, Семетей, Бакай, Жакып, Тазбаймат, Кыргызчал, Чыйырды, Каныкей... ким, кандай инсандар болушканын билиши үчүн...”, эл аралык “Жибек жолу” уюмунун Орто Азия жана Казакстан боюнча дирекциясынын башкы директору Жания Тапалова белгилемекчи: “Ааламдагы эң көлөмдүү, эң кызыктуу “Манас” эпосунун экинчи бөлүмүнүн а деп экрандаштырылышы – эл аралык маанидеги олуттуу жаңылык!”