Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Оштогу жайлоолордун биринде уктап жаткан туристтерди аюу челип, ичеги -карынын жарып салды деген маалымат соцтармактарга тарады. Ага кошумча "сүрөттөрүн көрүү мүмкүн эмес, нерви жукалар көрбөгүлө" деген сөз менен сүрөт да жүктөлгөн. 

Ош ОИИБнин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери бул маалыматты текшеришкен. Бирок ал жалган болуп чыккан. Бул окуя 2017-жылы Башкортастан Республикасында болгон. Андагы аудио жана сүрөт бүгүнкү күндө Ошто болгондой көрсөтүлүп таркатылып жатат.