Мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кармалды. УКМК тараткан маалыматка караганда, кызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган райондун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн кыргызстандык жаран К.П.К.дан 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
28-июлда КР УКМКга акча талап кылууга туш келген жаран К.П.К. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүүнү өтүнүп, арыз жолдогон.
Анын натыйжасында, 3-августта «Кадастра» МИ Аламүдүн филиалынын административдик имаратында жүз миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.