Жакында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы заманбап эс алуу багы ачылды. Бул парк Камчыбек Ташиев жана Шаирбек Ташиевдин жеке демилгеси менен курулду. Журналист Нургазы Анаркулов бул боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:
- Барпыдагы жаңы парктын атын эл койгон.
Бир тууган Ташиевдердин демилгеси менен Сузак районунун Барпы айылында курулган "Жони" эс алуу паркы жергиликтүү тургундар гана эмес, алыс-жакындан келген коноктордун баарына чоң кубаныч тартуулап жатат. Фото-видеодон көргөн адамдар да жакшы пикирлерин жазышууда. Албетте, ушул жерден да УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тийишип өткөндөр бар, "мамлекеттик кызматта туруп, мындай паркты кантип салды?"- деген мааниде. К.Ташиев мындай кайрымдуулук иштерди быйыл эле жасап жатабы? Элден сурап көрсөңүздөр болот, Барпы айылында гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын аймагында салган жолдору, спорттук залдары ж.б. жөнүндө он жылдан бери айтылып жатат го. Быйыл 8-мартта Камчыбек Ташиев салтка айланган баатыр энелерди сыйлоо аземинде мындан ары кайрымдуулук иштерин балдары, инилери улантаарын айткан. Парктын курулушун К.Ташиевдин жана паркка аты ыйгарылган агасы Жаныбек Кыдыршаевичтин балдары, ошондой эле иниси, ЖК депутаты Шаирбек Ташиев колго алып, бүтүрүп, эл керегине өткөзүп беришти. Бул жакшы саамалык. Уулдарына, бир туугандарына туура жол көрсөткөн Камчыкеге рахмат айтышыбыз керек. Кыргызстанда кандай гана байлар бар, бирок ошолордун бири минтип айылга назар салып койдубу?
"Жони паркта жолугабыз", "Жониге келип кал!", "Жони парктан таанышып, үйлөндүк эле..."- деген сөздөр эми көп болот. Албетте, парктын аталышын жактырбагандар да бар. Парк Жаныбек Ташиев агабыздын атына коюлган. Себеби, классташтары, достору, бир туугандары, деги ким кайрылбасын Жаныбек Кыдыршаевичти кичинесинен бери эле "ЖОНИ" дешчү. Чынында эле Жони акенин колу тийбеген нерсе Барпыда жок. Табиятынан боорукер, элпек, күйүмдүү болчу. Кимде эмне иш болсо жакындан жардам берген адам эле. Үй салып аткан жер болсо жеңин түрүп, ылайга кирип кетчү. Абдан билимдүү да адам болгон, кеңешин эч кимден аяган жок. Ошондуктан парк салынып жатканда эле достору, классташтары, туугандары, айылдыктар бир ооздон: "Кичинебизден бизге Жони деген ат синип калган, парктын атын ошондуктан "ЖОНИ" деп койсок жакшы болот эле"- деп суранышкан. Себеби, Жаныбек Ташиев - элдин сүймөнчүлүгүнө айланган адам болгон. Жони акебиздин уулу Шумкарбек менен кыска сүйлөшүп калдым. "Жакында атабыздын ашын бергенбиз. Биз деле башкаларга окшоп, кабат-кабат унаа, жылкыдан байге коюп, ар кандай мелдештерди өткөрсөк болот эле. Миңдеген адамдарды чакырып дасторкон жайсак да жарашмак. Бирок, буга кеткен чыгымды жакшы нерсеге жумшагыбыз келди. Агаларым, инилерим, бир туугандарым кеңешип, ушул паркка назар салып, ашка кетчү чыгымды бул жакка жумшадык. Элге чоң белек болуп калды"- дейт ал.
Чынында эл үчүн чоң жаңылык болду.
Жони парктан жолугабыз анда, туугандар!