Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын Любина районунда 7-августта болгон кырсык тууралуу маалымат берди. Эске салсак, кырсыктан эки кыргызстандык каза болгон. 

Маалыматка караганда, канализациянын коллекторун оңдоо иштери жүрүп жатканда катуу жааган жаандан улам суу толуп, иштеп жаткан үч жумушчуну суунун агымы агызып кеткен. 

Жыйынтыгында, кырсыктан Кыргыз Республикасынын жарандары - 2002-жылы туулган К.уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К. көз жумган. 

Иш учурундагы коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголду. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристи окуя болгон жерге барып, маркумдардын туугандарын табуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.