Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Тажрыйба көрсөткөндөй, COVID-19 оорусу жай мезгилинде өсүү тенденциясына ээ, акыркы эки жылда Кыргыз Республикасында COVID-19 инфекциясынын эң жогорку чеги июль айында болгон. Буга байланыштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жеке гигиенаны сактоону сунуштайт.

Жайында жеке гигиенанын эрежелерин эске албай коюуга болбойт, тескерисинче, аларды күчөтүү керек. Бул инфекциядан өзүңүздү жана башкаларды коргоо үчүн сактай турган бир нече эрежени келтиребиз:

Коомдук жайларга, соода борборлоруна баруудан карманыңыз.

Коомдук жайларда бир жолу колдонулуучу беткап (респиратор) тагыныңыз жана ар бир 2-3 саатта алмаштырып туруңуз.

Курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын көрүнгөн белгилери (жөтөлүү, чүчкүрүү, мурундан суу агуу) бар адамдар менен жакын байланышта жана бир бөлмөдө болуудан качыңыз.

Көчөдөн келгенде, башка адамдар менен байланышта болгондон кийин колуңузду самындап жууңуз.

Сиз кармай турган жана колдонуучу кеңсе техникаларынын бетин дезинфекциялаңыз.

Учурашууда кучакташуу, саламдашууну мүмкүн болушунча чектеңиздер.

Өз алдынча жеке гигиена каражаттарын (сүлгү, тиш щетка) гана колдонуңуздар.

Эң башкысы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүздөр.