Бүгүн, 8-августта Кыргызстанга UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов келди. Аны "Манас" абамайданынан EFC 49 турниринин уюштуруучу тобу тосуп алышты.
Аталган турнирдин уюштуруучуларынын айтымында, Кыргызстанга мушкер менен чогуу Eagle FC президенти Шамил Завуров, россиялык белгилүү блогер Хасбулло Магомедов (Хасбик аты менен белгилүү), команданын жана башка өкүлдөрү келишти.
"Бишкек шаарында Хабиб Нурмагомедов EFC 49 турниринин ардактуу коногу болот. Турнир 10-августта "Бишкек Аренада" саат 18:00дө башталат", - деп жазылган аталган турнирдин уюштуруучулары тараткан билдирүүдө.