Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин эки депутаты - Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу дипломунун чыныгы экенин текшерүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөткөн. Бирок ушул убакка чейин жооп боло элек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, профилдик мекеменин корутундусуз БШК маселени күн тартибине киргизе албайт. 

Эске салсак, УКМКнын материалдарын БШК 8-апрелде алган. Ошол замат Билим берүү жана илим министрлигине сурама жөнөтүшкөн. КМУнун ректоратынын Фархат Исмаиловго диплом берилбегени тууралуу маалыматы жетишсиз. 

 УКМК дипломдордун жасалма эместигин текшерүү иштеринин алкагында БШКны ЖК депутаттары Ф.Исмаилов жана Ф.Алимжановдун жогорку билими тууралуу документи күмөн санаары тууралуу кабардар кылган. Мыйзам боюнча, ЖК депутаты кыргызстандык, 25 жаш курагынан жогору, жогорку адистик билими бар жаран болушу керек.