Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Араб өлкөлөрүнөн 100 миллион доллар каржылык колдоо алууну макулдашты. Бул каражат мектеп жана бала бакчаларды курууга жумшалат. 

Бул боюнча  Чолпон-Атада өткөн Араб координациялык тобунун кеңешмесинде макулдашылган. 

Макулдашууга ылайык,15 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 85 миллион долларын насыя келет. 

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды, калганы мектептерди курууга жумшалат. 

Долбоордун натыйжасында 45 миң окуучу жаңы мектеп, 45 миң жеткинчек бала бакча менен камсыздалары айтылды. 300 тарбиячы жана мугалим үчүн жумуш орундары түзүлөт.