Печать
Категория: Коом
Просмотров: 312

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушту. 

Аталган райондордун тургундары  жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин бөлүү боюнча жана социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлүү маселелер айтылып, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуу жолдошту. 

Бакыт Төрөбаев жер тилкелерин трансформациялоо жана жер тилкелерин бөлүү маселеси боюнча арыздардын санын эске алуу менен жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушу тийиштигин белгиледи.

«Жергиликтүү өз адынча башкаруу органдары карапайым жарандар тарабынан көтөрүлүп жаткан жер тилкелерин трансформациялоо жана бөлүү маселесине тийиштүү маселелерди ыкчам чечүүсү зарыл. Тургундар жергиликтүү бийлик органдарынын ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек», - деди Төрөбаев.