Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнда өз көйгөйлөрүн билдиришкен. Ар бир кайрылууну Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары кабыл алышып, алар боюнча башкы көзөмөл органы тарабынан тийиштүү чараларды көрүлөт.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, башкы прокурор Курманкул Зулушев жер-жерлердеги элдин көйлөрүнөн кабар алууда.