Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

Италиялык блогердин кыргыз ырчысы Бактияр Токторовдун "Буй Буй" ырын ырдап чыккандан кийин бул ырдын айланасында талаш күчөдү. Ошол эле чыгармачылыкта жүргөн айрымдар ыр плагиат экенин айтып чыгышты. Алар белгилегендей, ырдын түп нускасы нидерланддык музыкант Оскар Бентонго таандык. Bensonhurst Blues деп аталган ыр 1981-жылы туулган. 

Бирок Бактияр Токторов бул ырды 90-жылдардын башында эгиз кыздары өлүү төрөлүп калгандан кийин кайгыга батып отуруп чыгарганын айтат. 

Чынында айрымдар айтып жаткан эки ырдын окшоштугу жок, буй - буй менен вуй-вуй гана окшошпосо, уккан адам ырлардын такыр башка экенине ынанат.