Бул сүрөт 2010- жылы 7-апрелде болгон куралдуу төңкөрүштөн бир көрүнүш. Эми айткылачы, айланайындар, стратегиялык обьект деп атайын кайтарылган Ак үйгө бийликке нараазы болгон ар кандай көчөдөгү селсаяктар, иштен качкан "дармоеддер" колдоруна курал алып бара берсе болобу?
Менимче, өзүн сыйлаган, элинин тынчтыгын ойлогон ар бир бийлик мындайларды кырып салса сооп иш кылган болот. Бул сүрөттөгү каракчылар жашынып алышып кимди атып жатышат? Күч түзүмдөрүнүн жоокерлеринби же болбосо митинге чыгышып, арам катып өлгөн баатыр сөрөйлөрдүбү? Кимдерди атып жатышса да, буларды кылмышкер дешибиз керек да? Анда эмне үчүн Бакиев канкор атка конот? Ушул адам сапатын жоготкон каракчылар үчүнбү?
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич!
Эмне үчүн биздин өлкөдө тыным жок эле "бийликти басып алабыз" деген чакырыктар, кандайдыр бир күмөндүү жолугуулар, "Садыр кетсин, Камчы кетсин" деген сыяктуу кыйкырыктар көп болуп жатат?
Дал ошол 2010-жылы куралдуу төңкөрүшкө чыгышкан акмактарды жазалоонун ордуна, аларды баатыр деп атап, аларга арнап борбор шаардын как ортосунда эстелик тургузуп, баарынан да ыйык "Ата- Бейитти" булгап, ал жерге бир топ селсаякттын көмүлгөнү, жакындарына миллиондон берип, квартиралуу кылып, бала -чакасына пособия берип жаткандары үчүн эмеспи?
Кудай бетин нары кылсын го, бирок эртең эле силердин бийлигиңерди кулаткан айбандар чыкса, бүрсүгүнү аларды да баатыр дешип, ал эми эки дос- экөөңдү дал эле Бакиевдей канкорлорго чыгарып коюшса силерге жагат беле?
Силерди кулатышса, ордуңарга кимдер келиши бештен белгилүү. Сөзсүз түрдө Атамбаевдин арамкорлору келишет: Сапар, Мадумаров, Бабанов, Сегизбаев, Момбеков, Карамушкина, Кодуранова, Орозова, Мадеминов, Анвар Артыков.
А түгүл чегирткенин айгырындай болгон ары жок Мискенбаев жана Дастан Бекешовдор да кошулуп калышат.
Бакиевдин башына түшкөн иштер силердин да башыңарга түшүшү мүмкүн да?
Ак үйгө курал алып барышса кандай жолду карманат элеңер?
А Бакиев эмне кылышы керек эле? Биринчиден, Бакиевдин элди аткыла дегенге да чамасы келген эмес. Өзүбүз деле көргөнбүз, аракка тоюп төңкөрүшкө чыккандар жоокерлерди токмоктоп, куралдарын тартып алып жатышканын.
Экинчиден, эгер Бакиев аткыла деген болгон күндө да, ага тырмактай да күнөө кое албайбыз же жалганбы?
Путин да айткан: "7-апрелде аянтта болгон окуяда сизди эч ким айыптай албайт", - деп. Путиндин сөзүн ошол убакта анын көчүгүн жалашка даяр болушкан: Атамбаев, Отунбаевалар укпай калышы мүмкүн да эмес.
Анда эмне үчүн Бакиев канкор аталышы керек, сыртынан соттолуп сыртта жүрүш керек?
Өлкөнүн бүтүндүгүн бузушуп, элдин тынчтыгын талкалагандарды "баатыр" деп жатсак, анан кайдан жүрүп бийликти басып алабыз дегендерди тыя аласыңар?
Пенденин кандайдыр бир акыбалын, түйшүгүн, башына түшкөн мүшкүлүн түшүнбөгөндөрдү Кудайым "шашпай тур, башыңа дал ошонун күнүн салам"-дейт экен.
Ошол жөнүндө да ойлоп койсоңор жакшы болот эле.
Жаман айтпай жакшы жок. Ачыгын айтамын: мен экөөңдүн көлөкөңөргө бирөөнүн изи түшүп калбаса экен деп корком. Жатаарда жалгыз уулума кошуп, экөөңө да дуба кылып, жакшылыктарды тилеп жатам. Ошондуктан суранамын, Бакиевдин ордуна өзүңөрдү бир мүнөт коюп, элестетип көргүлө. Калыс болгула.
Калыс мүнөз- көсөмдүктүн белгиси,
Калыс адам - акыйкаттын элчиси.
Калпыс басып, калыстыктан кыйшайса,
Калкын сүйүп, хан боло албайт ал киши.
Шамурза Борукулов, журналист