Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда бир айдын ичинде уйдун эти 17,5 сомго, койдун эти 5,6 сомго кымбаттады. 

Андагы маалыматка таянсак, өлкө боюнча орточо эсеп менен алганда июнда койдун бир килограмм эти 499,9 сом болсо, июлдун аягында баа 517,4 сомго жеткен.

Уйдун этине максималдуу чекене баалар Нарында -бир кг үчүн 546,1 сом, Бишкекте -530 сом, Балыкчыда - 522,8 экени байкалган.

Ал эми өлкө боюнча жылкынын эти өткөн айга салыштырмалуу 14,8 сомго кымбаттаган (июнь – 449,5 сом, июль – 464,3 сом), койдун эти 5,6 сомго жогорулаган (июнь – 527,5 сом, июль – 531,1 сом).