2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды).
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).
Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.
Ошондой эле, мекеменин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.