Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Көмүр кенинен 1-августта саат 16:00 чейин 60га чукул унаага көмүр жүктөлүп чыгарылган. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын көмүр кесиминин башчысы Тыналы Карымшаков билдирди. 

"Көмүр ишканасы учурда күнү-түнү тынымсыз 24 саат иштеп жатат. Бизде азыр 250 жумушчу ишке чыккан жана 50 хобо, 25 эксковатор, 8 погрузчик, 3 бульдозер ишке тартылган. Эртеден бери 60 га чукул унаа көмүр тартып чыкты, азыр кесимде дагы 100 тонна даяр көмүр отуну бар. Калкка көмүр отуну тынымсыз тартылууда. Кезек күтүү жок. Ал эми бюджеттик мекемелерге көмүрдү 15-августтан баштап, тендерлери даяр болсо тарта баштайбыз. Быйыл кышта көмүр тартыштыгы болбойт деп ишендирем",- деди Тыналы Карымшаков.