Боом капчыгайындагы жолдун Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптады.
ӨКМнын маалыматына караганда, Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында 2 тилкеде сел жүргөн. Учурда жол бир тарапту ачык. Бул Бишкек - Каракол багытында.
Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 ХОВО, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылды.
Кошумча маалымат берилет.