Печать
Категория: Коом
Просмотров: 251

Ысык-Ата районундагы 20 гектар жер 2005-жылы экс-премьер-министр Данияр Үсөновго таандык компания менчиктештирип алган болчу. Аталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты. 

Ал белгилегендей, жерди Үсөновдун "Прайм-Строй" компаниясы бекер алган. Ошол эле жылы казакстандык "Темирбанк"  менен келишим түзүп, жерди күрөөгө берген. Ал үчүн "Прайм-Строй" 6 миллион долларды 21 пайызы менен 36 айга алган. 

Бекешевдин айтымында, компания ипотекалык турак жай курушу керек болчу, бирок анын ордуна акча иштеген. Ошондуктан, жерди мамлекеттин эсебине кайтаруу акыйкаттуулук болду.