Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүнө быйыл бир катар мугалимдер эс алууга жиберилген. Бирок андагы шарт жумшак айтканда, көңүл айлантат.
Бостери айылында жайгашкан "Ысык-Көл" эс алуу үйүндө эс алгандардын айрымдары андагы керебеттер жана шейшептер өткөн кылымдан калган "антиквариат" экенин белгилешкен.
Ал эми аталган министрлик бул боюнча комментарий берип, "Ысык-Көл" эс алуу үйү министрликке тиешеси жоктугун айтты. Анда белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлигине Сары-Ой айылында жайгашкан "Санат" эс алуу үйү карайт. Андагы шарт заманбап талапка толугу менен жооп берет.