2010-жылдын каргашалуу июнь окуясы кыргыз-өзбек эки улуттун жүрөгүнө бирдей оор жараат калтырды. Бул окуяны баштаган өз кызыкчылыгын көздөгөн бир ууч топ тилегин ишке ашырды. Эки элди кыйсыпыр оттун ортосуна таштап коюшуп, өздөрү суудан таза чыгышты. Ал эми кесепетин, кайгысын баягы эле карапайым адамдар тартты.
Бул окуянын тереңдетпей токтоп калышы - Камчыбек Ташиевдин эрдиги экени айтылып жүрөт. Аны окуянын күбөлөрү, өлкөнүн түштүк аймагынын тургундары жакшы билишет.
"Бул киши "Мени сыйласаңар каршылашканды токтоткула, мени өлтүргүлө биринчи, кыргыздын да, өзбектин да өлүмүн көргүм келбейт!" - деп дагы канча каргашанын алдын алды. Ташиев болбогондо эмне болмокпуз, билбейбиз. Эл ошол убакта Камчыбек Ташиевдин айтканын угушту", - дешкен окуянын күбөлөрү.