Коомдук - мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов "Кумтөрдүн" Кыргызстанга толук кандуу кайтарылышы - тарыхта калчу окуя деп эсептейт.
"Кумтөрдүн" тарыхын жасаган адам - Садыр Нургожоевич. 2008-жылдардан баштап "Кумтөрдү" мамлекетке алуу маселесин көтөрүп, керт башын коюп берип, аягына чыкканы - тарыхта кала турчу окуя. Экинчиден, кен байлыктын кайрадан мамлекетке өтүшү дагы тарыхта калат. Дүйнөдө мындай нерселер балким болгондур, бирок бирин-серин гана. Ушундай чоң окуянын башында турган адам аягына чыгарганы - биздин бактыбыз. Мындан ары алтын кенди өзүбүз иштетип кете алабыз. Запасы да жетиштүү. Ушул убакка чейин 415 тонна алтын казылып алыныптыр. Ага чейин кен Москвада бекитилгенде запасы 613 тонна деп көрсөтүлгөн. Андан бери запасы дагы кошулду. Баарын бириктиргенде 800 тоннадан аз болбойт. Андыктан, "Кумтөрдүн" келечеги бар. Азыр жердин үстүндөгү алтын алынып жатат. Жердин алдындагы алтынды алыш кыйын, бирок ага жараша өздүк наркы да кымбат болот. Бул биздин, элдин байлыгы", - деди Апаз Жумагулов.
Эске салсак, 29-июлда "Кумтөр" алтын кени толугу менен Кыргызстандын менчигине өттү.