Печать
Категория: Коом
Просмотров: 259

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Кадамжай районундагы тойканада массалык уулануу катталды. 

Уулануудан 58 адам жабыркап, алты адам - 4 аял жана 2 бала -  ооруканага жаткырылган, абалдары орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 48 адам  кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү белгилери менен кайрылышкан. Алар тойдогу этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун айтышкан.

Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.