Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

"Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерин ушул жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда. Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

"Баткен", "Жалал-Абад" аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бир топ жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.

"Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.