28-июлда Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевдин Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.Краснов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн Башкы прокурорлору кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын, анын ичинде эмгек миграциясында жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын өз ара коргоо маселелерин талкуулашты.
К.Зулушев Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.Красновго Россия Федерациясында жүргөн биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүүдө, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана Россиянын Башкы прокуратурасынын окуу жайларынын базасында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Россиянын Башкы прокурору И.Краснов: "Россия менен Кыргыз Республикасын көп жылдык бекем достук мамилелер байланыштырып турат. Эки өлкөнүн прокуратурасы жөнүндө да ушуну айтууга болот. Учурда ар түрдүү багыттар боюнча кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат жана бүгүнкү жолугушуу аны мындан ары бекемдөөгө багытталгандыгын баса белгилегим келет", – деп билдирди.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы ортосунда 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду.
Кол коюлган пландын алкагында тараптар 2022-2023-жылдар аралыгында жогоруда аталган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүшөт.