Печать
Категория: Коом
Просмотров: 263

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы мугалимдердин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору менен таанышып, эс алуудагы мугалимдерден кабар алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, бул жаатта эмгектенгендердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгиледи. Алсак, аталган пансионатка 1000 орундуу кошумча корпус куруу менен, ден соолукту чыңдоо жайынын инфраструктурасын жакшыртуу, потенциалын толук кандуу пайдалануу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын айтты.

Эс алуудагы мугалимдер жана пансионаттын коноктору өлкө башчы менен баарлашып, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө кубанып жаткандыктарын билдиришти. Өз кезегинде президент агартуу тармагы мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты катары кала берерин баса белгиледи.