Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

2022-жылдын 28-июлунда КР УКМКнын Терроризмге каршы борборунун координациялоосунда жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдар экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө жаңы программасын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Иштелип жаткан программа терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн негиз болот.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча учурдагы Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча изилдөө жана кароо презентациясы ошондой эле 2023-2027-жылдарга жаңы Программанын структурасынын долбоорунун бет ачары болду.

Мындай эксперттик жолугушуулар үчүн аянтча кесипкөй коомчулуктун башка мүчөлөрү менен тажрыйба, пикир жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жумушчу топ жаңы документтин мазмуну боюнча сунуштарды кабыл алып, кароого киргизди.

Тегерек стол иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өттү.