Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында сел коркунучунан коргоо жумуштары башталды. Сел коргоо тосмосунун 550 метр аралыгында жумуш бүткөрүлсө, айылдагы 1155 гектар жер аяны, 2260 турак жай жана мечит, бала бакча жана ички чарбалык жолдор корголот.

Эске салсак, быйыл 11-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел коргоо тосмосунда суунун көлөмү ченемден ашык болгондуктан, тазалоо иштерин жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан. Бул боюнча КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.А.Мазарипов Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда таанышып чыгып, министрликтин сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнө тапшырма берген болчу.