Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Бүгүн  саат 15:52де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу  ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында төрт балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында үч балл сезилген.

Ал эми Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.