Коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штаб тараткан маалыматка караганда, маймыл чечегинин бир канча белгилери бар:
⠀
- дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо
- денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн
⠀
- майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.
⠀
Үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт.