Саясат талдоочу Зайнидин Курманов билим берүү жаатындагы учурда башталып жаткан реформа тууралуу пикирин билдирди.
- Билим берүү жаатындагы биринчи олуттуу реформатор сынак аркылуу дайындалган Чынар Жакыпова болгон. Ошондо канча деген нааразычылык, наалат айтылганын эсептөө мүмкүн эмес. Коррупциянын айынан араң - араң дем алып калган жогорку окуу жайлары реформаланып, жогорку билимди сактап калууга үлгүрдү. Бул реформага ошол кездеги өкмөттүн чоң саясий эрки керектелди. Ошол убакта эле мектептеги билим берүүнү реформалоо зарылдыгы белгилүү болуп калган. Тийиштүү мыйзам пакеттерин кабыл алышты, бирок иш аягына чейин жетпеди. Сырткы, косметикалык өзгөрүүлөр гана орун алды. Гимназиялар, коллеждер, жеке менчик мектептер жана бала бакчалар пайда болду... Мамлекеттик мектептер өнөкөт каражат жетишсиздигинин айынан жана мыкты кадрлардын кеткенинен ылдыйга түштү.
Билим берүү тармагынын азыркы министри мага Чынар Жакыпованы элестетип жатат, билим берүүнү реформалоого болгон күчүн жумшоодо. Ага карт-бланш берилди. Өкмөттүн саясий эрки анын тарабында. Буга чейин билим берүү тармагын реформалоого бийлик шашылган эмес. Анткени, система бийликке шайлоолордо каалаган добушун топтоого жардам берген. Анын айынан көптөгөн реформалар туңгуюкка кептелген. А реформа курмандыкты талап кылат, ансыз болбойт. Реформа - бул дайыма жаңы күчтөрдүн, ыкмалардын жаралышы. Болбосо, көптөн күткөн өзгөрүү, татыктуу билим жана жакшы жашоо болбойт. Адатка айланган ыңгайлуулукту, эскичиликти курмандыкка чалууну билүү керек. Бул заман шарынан чыкпоону шарттайт!
Эске салсак, реформанын биринчи тепкичи катары Бишкек шаарындагы орто билим берүүчү мектептердин директорлорун кайрадан дайындоо бекитилген. Бирок айрым мектептердин ата-энелери директордун иштен кетишине караманча каршы чыгышууда. Мисалы, бүгүн №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери директорду өз ордунда калтырууну талап кылып, митингге чыгышты.