Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында жаш балдарды акысыз дарылоо боюнча мыйзам тууралуу айтып берди. 

Ал белгилегендей, алты жашка чейинки балдарга акысыз медициналык жардам алуу үчүн бала катталган бейтапканага баруу керек. 

"Башка экинчи-үчүнчү категориядагы - шаардык, облустук, республикалык ооруканаларда мындай шарттар жок. Бул үчүн бейтапканадан багыттама алып баруу керектелет. Багыттама болгондо гана акысыз карашат", — деди Касымбеков. 

Министр элди чоң ооруканаларга барып узун кезек жаратпай, бейтапканаларга кайрылууга чакырды.