Кыргызстанда 5 телеканал өз ишин токтотту. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ KG", "Домашный" жана "ЭМТВ" каналдарынын уруксаты жокко чыгарылган. Анткени, аларга бир нече жолу эскертүүлөр берилип, айыппулдар салынганына карабай, эреже бузууну уланта беришкен.
Аны менен катар эки радиоканал, 3 телеканал катарга кошулду, аларга министрлик иштөөгө уруксат берген.
"Жабылган телеканалдар тил саясатын сактаган эмес. Эрежеге ылайык, берүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилинде болушу зарыл", - деди министр.